Коом

Казакстанда катталган жер титирөө Кыргызстанда 5 баллга чейин сезилди

Казакстанда катталган жер титирөө Кыргызстанда 5 баллга чейин сезилди. 

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 04:42де Казакстандын аймагында 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөөнүн очогу Талас районунун Көпүрө-Базар айылынан түндүккө карай 20 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк-батышка карай 133 чакырым аралыкта жайгашып, Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген. 

Учурда жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button