Коом

Эмгек министрлиги мамлекеттен 100 миң сомду ким жана кантип ала аларын айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жакырчылыктан чыгуу демилгесин ишке ашыруунун алкагында быйыл 20 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзө алат.

Социалдык паспорту бар же «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт түзө алышат. Үй-бүлөдө эмгек жана мүлк потенциалы болушу керек, ошондой эле реалдуу бизнес-план түзүлүшү керек.

Социалдык контракт түзгөн үй-бүлөгө өзүнүн чакан бизнесин ачууга же өнүктүрүүгө акысыз 100 000 сом берилет.

Социалдык контракт түзүүдө 3 же андан көп балалуу же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө, “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү жана туруктуу бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.

Учурда 13 миңге жакын үй-бүлө өз бизнесин ачып, мамлекеттин колдоосу менен киреше ала баштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button