Коом

5-августка карата аба ырайы

5-август, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп, жаан жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй жергесинде +27…+32, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +29…+34, Ысык-Көл кылаасында +22…+27, Нарында +21…+26 градуска көтөрүлөт.

Күндүн табы борбор калаада +29…+31, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +22…+24 градуска жетет.

Тектеш кабарлар

Back to top button