Коом

УКМК: Чолпон-Ата шаарындагы №44 түзөтүү мекеменин жетекчиси кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 27-мартында УКМК тарабынан коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруунун жана системалуу коррупцияны толугу менен жоюунун, ошондой эле коомдук чөйрөдө кызматтык кылмыштарга бөгөт коюунун алкагында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чолпон-Ата шаарындагы №44-түзөтүү мекеменин башчысы А.Т.А. кармалды.

Улуттук коопсуздук органдары А.Т.А. бир нече жылдан бери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «жатак-абактарда жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» нускаманы бузуу менен, соттолгон адамдардын эмгегин өзүнүн тиричилик маселелерин чечүү үчүн мыйзамсыз пайдаланганын аныктады.

Мындан тышкары, 2022-жылдын февралында соттолгон адамдардын биринин өлүмүн жашыруу максатында А.Т.А. жана мекеменин башка кызматкерлери тарабынан расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү фактысы такталган.

Кармалган адамга карата чогултулган далилдердин негизинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылып, ага карата камакка алуу чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button