Коом
4-6-ноябрда Бишкек жана Чүйдүн айрым жолдору жабылат

Түркиянын президентинин мамлекеттик сапарына жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу төмөнкү көчөлөргө чектөө киргизилет:
“Манас” эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын чегине чейин;
Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
Манас жана Ч.Айтматов проспектилери түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейин.
Милиция жогоруда аталган жолдордун жээгине автоунааларды калтырбоого чакырды.



