Коом
Бишкектеги кафеде пол жууган суюктук ичип алган бөбөктүн ооз көңдөйү күйүп калган
Милицияга 10-мартка караган түнү шаардык балдардын клиникалык Тез жардам ооруканасынан «ооз көңдөйүнүн жана кызыл өңгөчтүн химиялык күйүк» диагнозу менен 2021-жылы туулган бейтап тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Жерине милиция барганда, баланын апасы 4-мартта болжол менен саат 12:00 чамасында баласы менен борбордогу соода борборунда болгонун, 3-кабаттагы кафедеги столдо пол жууган суюктук турганын, андан уулу бир уурдап жетишкенин айткан. Ал ошол замат кустурган, бирок бир нече сааттан кийин абалы начарлап ооруканага түшүп калган. Аталган факты каттоого алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.



