Коом
Баткенде күнүнө 500 тонна мунайды кайра иштеткен завод ачылат

Облустук өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, Көк-Талаа айылында курулуп жаткан завод пайдаланууга берилсе бензиндин АИ-92, АИ-95 түрү, дизелдик отун, битум, газ жана башка майлар чыгарылат. Заводго чийки зат Бүргөндүдөн ташылып, кубаттуулугу күнүнө 500 тоннаны түзмөкчү.
Заводдо 200, мунайды жер астынан казып алууда 250 жумуш орду түзүлөт. Жалпы 90 млн доллар инвестиция салынууда.



