Коом

Кыргызстанда 1,5 миңдей чет элдик номурлуу автоунаа мыйзамдаштырылды

1-апрелден 20-апрелге чейин өлкө боюнча 1 миң 472 чет элдик номурлуу, каттоосу жок автоунаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик маалымдады.

Аймактар боюнча катталган унаалардын саны:

  • Бишкек шаары – 457;
  • Ош шаары – 82;
  • Баткен облусу – 71;
  • Жалал-Абад облусу – 110;
  • Нарын облусу – 27;
  • Ош облусу – 218;
  • Талас облусу – 72;
  • Чүй облусу – 400;
  • Ысык-Көл облусу – 35.

Ошондой эле аталган агенттик автоунааларды мыйзамдаштырууда акча которууда техникалык себептерден улам создуктуруулар болуп жатканын белгилеп, автоунаалардын ээлеринен бул жагдайды түшүнүү менен кабыл алууну суранды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button