Коом
Эскертүү! Аскердик техниканы сүрөт-видеого тартып дүрбөлөң жаратпагыла

Коргоо министрлиги 8-майда “Ала-Тоо” аянтында өтө турган парадга 120 даана аскердик техника Токмоктон алып келинерин эскертти.
Ведомство буга байланыштуу кыргызстандыктардан түшүнүү менен мамиле кылып, техника ташууга тоскоолдук жаратпоону, тиешелүү органдардын макулдугун албастан аскердик техниканы сүрөт, видеого тартып соцтармакка жарыялабоону суранды.