Коом

«Борборлоштурулган бирдиктүү бухгалтердик эсеп «боюнча окутуу өттү

КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы 2024-жылдын 26-27-январынан тарта министрликтин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн окутууларды өткөрө баштады.  Кызматкерлер министрликтин Окуу борборунун базасында оффлайн форматта окутуудан өтүштү.

Окутуу процессинде кызматкерлер региондордун бюджеттик мекемелеринин бухгалтерлерине консультациялык-методикалык жардам көрсөтө алышат, мында «борбордоштурулган эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасын жана эсептердин бирдиктүү планын иш жүзүндө колдонуу боюнча көндүмдөргө жана билимдерге ээ болушат.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 1-январынан тартып  «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» автоматташтырылган маалымат системасында бухгалтердик эсеп жана Бирдиктүү эсепке алуу планына ылайык   мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү бюджеттик мекемелер бухгалтердик эсепти жүргүзүшөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button