Коом

Камчыбек Ташиев Нарынга барды

Бүгүн, 25-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган өкмөт өкүлдөрү Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нарын шаарына барышты.

Ташиевдин жетекчилиги алдында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өтүп, алардын аткарган иштери тууралуу отчету угулууда.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Нарын облусунда тургундардын көйгөйлөрү чечилбей, көңүл бурулбай жатканы айтылган акындын ыры тарап, кызуу талкууга түшкөн. Анда Нарын облусундагы социалдык көйгөйлөрдөн баштап, жол курулушу, жергиликтүү бийликтин элге мамилеси баяндалып, Кыргызстандагы башка аймактарга көңүл бурулганы менен Нарын унутта калып жатканы айтылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button