Коом

Жыл башынан туристтик-экологиялык милициясы тарабынан экологиялык багытындагы 44 укук бузуу аныкталды

Ысык-Көл облусунун аймагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана браконьерлик менен күрөшүү максатында, өткөн жылдын декабрь айынын баш ченинде областтык ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын туристтик милициясынын базасында туристтик-экологиялык милициясынын жаңы кызматы түзүлгөн.

Аталган кыззматтын негизги милдеттери болуп, мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу, браконьерлик, таштандыларды жана биологиялык калдыктарды өрттөө жана жаратылышты коргоо мыйзамдарына карама-каршы келген башка аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу болуп саналат. Андан тышкары, аймакта чет мамлекеттик туристердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле аларга жардам көрсөтүү милдеттери да тагылган.

Жыл башынан Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш аракеттеринен улам, 44 укук бузуунун учуру аныкталды, анын ичинен 21 – мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу, 7 – мыйзамсыз балык уулоо, 6 – мыйзамсыз аңчылык кылуу жана анын эрежелерин бузуу, 8 – мыйзамсыз курал-жарактарды сактоо жана башкалар.

Аныкталган фактылар боюнча, шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөө кызматтары тарабынан 10 кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Калган фактылар боюнча материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына мыйзам чегинде чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди. Милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган укук бузуулар боюнча жалпы материалдык чыгым 222846 сомду түзүп, анын 148510 сом өлчөмүндөгү чыгым кайтарылып берилди.

Андан тышкары, аталган кызматынын милиция кызматкерлери тарабынан лыжа тебүү базаларында жана туристтик маршруттарда, чет мамлекеттик туристердин жана республикабыздын башка облустарынан келген эс алуучулардын коопсуздугу камсыз кылынып келүүдө. Чет мамлекеттик 32 туристке, эс алуу объектилерин көрсөтүп берүү жана коопсуздукту сактоо боюнча жардам көрсөтүлдү. 

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын call-борборуна 28 билдирүү, анын ичинен 16 экологиялык укук бузуулар жана 12 туристтик багытында билдирүү түшүп, тийиштүү мыйзам чегиндеги чаралар көрүлдү жана маалымат ээлерине жооптор кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button