Коом

УКМК: Баткенде  мыйзамсыз менчиктештирилген сүт азыктарын кайра иштетүүчү завод мамлекетке кайтарылды

Баткен облусундагы сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводдун азыркы ээси мүлктү  өз ыктыяры менен   Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК Сүлүктү шаарындагы жалпы аянты 0,93 га болгон мурунку сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводду мамлекетке кайтарып берди, ал 2000-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында азыркы ээси өз ыктыяры менен заводдун аймагын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button