Коом

Кыргызстандык окуучулар эл аралык биология олимпиадасында эки коло жеңишти

Филиппиндин Кесон шаарында өткөн XXXVI эл аралык биология олимпиадасында (IBO) Кыргызстандын улуттук командасы 2 коло медаль жеңип алды.

Бул Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул олимпиадага катыша турган командага Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн арасынан жогору балл алган 4 окуучу тандалып алынган. Алар:

  • Дмитрий Рубан, “Сейтек STEM” мектебинин 10-классынын окуучусу;
  • Нурсултан Увалиев, К. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу;
  • Айбике Базарбаева, United World International School мектебинин 12-классынын окуучусу;
  • Өмүрбек Русланбеков, Ч. Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу.
  •  

Жыйынтыгында Дмитрий Рубан менен Айбике Базарбаева коло медалга татыктуу болушту.

“Айбике Базарбаева биология боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль утуп алган алгачкы кыргызстандык кыз болуп калды”,- деп билдирди министрлик.

Тектеш кабарлар

Back to top button