Бишкекте кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууга шектелген жарандар кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ИИМдин кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында кумар оюндарын уюштуруу фактылары боюнча маалымат алышкан. Бишкек шаарынын аймагында “А.” аттуу жаран кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу менен алектенгени аныкталган. Алынган маалыматтарга ылайык, ал оюндарды өткөрүү үчүн бир күндүк батирлерди ижарага алып, оюнга (“РЭЙК” деп аталат) катышуучуларын чакырып, ар биринен 5% киреше алган.


Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси “Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу” боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан кумар оюндарынын жайгашкан орду жана аны уюштурууга тиешеси бар адамдар аныкталган. Ошондой эле, шектүү катары О.А., Р.Т. жана Ж.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттун чечими менен шектүү жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.



