Коом

Адеми Мундузбекова: “Менин кыялым каратэ боюнча чебер болуу»

Окуу жылы жаңы башталып, мектепти сагынган окуучулар классташтары, сүйүктүү мугалимдери менен жолугушту. Бүгүн биздин редакциянын коногу, Бишкек шаарындагы  № 73 орто мектептин 3-классынын окуучусу Мундузбекова Адеми Азаматовна үй-бүлөсү, достору, кыялы менен бөлүштү.

— Үй-бүлөдө эң улуусумун, менден кийин, быйыл 2-класска барган Эртай (7 жашта) жана Азмир (4 жаш) эки иним бар, кичүүсү азыр бала бакчага барат. Үйдө мен ата-энемди, өзгөчө атамды абдан жакшы көрөм, анткени ал апам тыюу салганына карабай менин тилегимди дайыма аткарат жана эркелетет, — деп жылмайды.

Ошондой эле класс жетекчибиз Наргиза Раушанбековага өзгөчө ыраазычылык билдирем. Мектептеги биринчи күндөн тартып эле ал биз менен болду: кыйынчылыктарды түшүнүүгө жардам берди, оор учурларда бизди колдоп, жеңиштерибизге кубанды. Ал бизге сабактарды гана үйрөтпөстөн, кантип боорукер, чынчыл жана жоопкерчиликтүү адам болууну көрсөтөт. Анын аркасында классыбызда ар дайым достук, урмат-сый бар. Кимге кандай мамиле кылууну, угуп, түшүнүүнү билесиң. Сабырдуулугу, камкордугу жана бизге болгон ишеними үчүн мен ага абдан ыраазымын. Анын бардык аракеттери бакыт жана сүйүү менен кайтып келсин.

Биздин мектептин директору Гүлназ Молдобековна абдан жөнөкөй жана жакшы мугалим. Жооптуу кызматына карабастан, ал ар дайыма окуучуларга ачык жана баарына жакшы мамиле кылат, жардам берет. Биз ага жакын болуп, каалаган сурообузду бере алабыз, сүрөткө түшөбүз, ал бизге кеңештерин айтып, жылуу сөз менен колдоо көрсөтүп турат. Анын жөнөкөйлүгү бизди чынчыл болууга шыктандырат.

Окуу менен катар тажрыйбалуу машыктыруучу, сенсей Асылбек Пазыловдун жетекчилиги астында каратэ менен машыгам жана бул менин жашоомдун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Мен үчүн каратэ бир гана спорт эмес, өзүн-өзү өнүктүрүү жолу. Машыгуу учурунда мен тартипти, чыдамкайлыкты жана кайраттуулукту үйрөндүм. Ар бир сабак мага өзүмө  болгон ишенимди жогорулатууга жардам берет, мүнөзүмдү бекемдейт жана башкаларды урматтоого үйрөтөт.

Татамиге чыкканда өзгөчө энергияны сезем. Ал жактан үйрөнгөнүмдүн баарын көрсөтүп, күчүмдү сынай алам. Мелдештерде жеңүү, кубаныч тартуулайт, ал эми жеңилүү мен үчүн чоң тажрыйба. Каратэ эч качан багынбай, ар дайым алдыга умтулууга үйрөтөт.

Талыкпаган эмгек, максатка умтулуу — чоң ийгиликтерге жетишүүгө жардам берет деп ишенем. Менин кыялым — каратэ боюнча чебер болуп, билимимди башкаларга жеткирүү.

Сенсейге өзгөчө рахмат. Ал техникаларды, ыкмаларды гана көрсөтпөстөн, бизди инсан катары да тарбиялайт. Анын чыдамкайлыгы, көңүл буруусу жана калыстыгы бизге күн сайын жакшы болууга жардам берет. Сенсейдин аркасында мен өзүмө ишенгенди үйрөндүм жана каратэ менин жолум экенин түшүндүм.

Менин Элина, Айлин жана Милана деген сонун досторум бар, алар менен бирге каратэ менен машыгам. Биз машыгуу залында таанышып, ошондон бери ажырагыс болуп калдык. Машыгуу бизди бириктирет: биз катаны чогуу үйрөнөбүз, муштумдарды машыктырабыз жана керек учурда бири-бирибизди колдойбуз.

Албетте, кээде кыйын, бирок жаныңда дайыма кеңеш, дем-күч берген курбу кыздарым бар. Мелдештерде ар бирибиз өзүбүз үчүн чыгабыз, бирок жүрөгүбүздө бири-бирибиздин ар бир жеңишибизге сүйүнүп, жеңилгенибиздин кайгысын тең бөлүшөбүз. Каратэ бизди күчтүүрөөк жана ишенимдүүрөөк кылды, ошондой эле бизге достук тартуулады.  Машыгып эле тим болбостон, чогуу жүрүп, күлүп, келечекти кыялданганыбыз да жагат. Биздин достугубуз каратэнин духундай бекем болот деп ишенем, — деп маегин аяктады Адеми кыз.

Редакция жамааты Адемиге бактылуу келечек  каалайт!

Тектеш кабарлар

Back to top button