Коом
УКМК: Жалал-Абад облусунда 5 кг. гашиш менен чет элдик жаран кармалды — ВИДЕО

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРдан Өзбекстан Республикасына баңгизаттарды ташуу каналына бөгөт коюлду.
Маалымат боюнча, чет элдик А.А.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун аймагынан 5 кг салмактагы гашиш аттуу ири өлчөмдөгү баңги затын сатып алып, аны Өзбекстан Республикасына өткөрүп берүүнү пландаганы аныкталды.


2025-жылдын 2-октябрында КР Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айылынын Лола тилкесинде КР- ӨР Мамлекеттик чек арасына жакын жерде 5 кг баңги заты менен А.А.А. кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



