Коом

Быйыл Кыргызстанга 10,5 миллиондон ашык туристтин келиши күтүлүүдө

2024-жылы Кыргызстанга 10,5 миллиондон ашык туристтин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кудрет Тайчабаров билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы биздин өлкөгө 8,5 миллион турист келген.

Эске салсак, буга чейин Туризм департаменти быйыл туристтик агымдын өсүшү 10 пайызга көп болушу мүмкүн экенин билдирген. Кыргызстанга эң көп турист Өзбекстан, Орусия жана Казакстандан келет. Бирок КМШ өлкөлөрү менен кошо Европаны, Түштүк-Чыгыш Азияны жана Арабияны унутпообуз керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button