Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 18-сентябрда Токтогул Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын ээси, мамлекеттик туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев менен коштошуу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады.
Зыйнатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев жана башка коомдук, маданий ишмерлер катышты. Алар Матаевдин чыгармачыл мурастарын, кыргыз искусствосуна кошкон салымын жана инсандык бийик сапаттарын белгилешти.
Жусуп Матаев 1956-жылы Токтогул районунда төрөлүп, өмүрүн сүрөт өнөрүнө арнаган. Ал «Токтогул Сатылганов», «Кыз куумай», «Байбиче» сыяктуу чыгармалары жана мамлекеттик туунун авторлорунун бири катары элибиздин тарыхында калды.



