Коом

Орозо айтка байланыштуу 20-март – эс алуу күнү

20-мартта белгилене турган Орозо айт майрамына жана 21-март Нооруз майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, 20-март Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси боюнча бул күн расмий түрдө иш эмес майрам күнү болуп саналат. Ошондуктан майрам алдындагы күнү кызматкерлердин иш күнү 1 саатка кыскартылат.

Ошондой эле министрлик 2026-жылы Нооруз майрамы 21-мартта белгиленип, ишемби күнүнө туура келерин белгиледи. Эмгек кодексине ылайык, майрам дем алыш күнгө туш келсе, кошумча күнгө жылдыруу жүргүзүлбөйт.

Мындан тышкары, өндүрүштүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу иши токтобогон мекемелерде кызматкерлерди майрам күндөрү ишке тартууга эмгек мыйзамдарына ылайык уруксат берилет.

Министрлик иш берүүчүлөрдү майрам жана дем алыш күндөрү кызматкерлердин иш убактысын уюштурууда эмгек мыйзамдарын так сактоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button