17 жаштагы кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектелген 41 жаштагы жаран кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 27-сентябрында Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Барскоон айылынын тургуну Т.А. жана Тоң районунун тургуну К.Н. арыз менен кайрылышып, 2008-жылы туулган М.А. Каракол шаарындагы курбусуна чыгып, ошол бойдон үйүнө кайтып келбегендигин билдиришкен.
Арыз Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жана издөө иштерине алынган.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал 1984-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну А.К. экени такталган.
Алдын ала сурак маалында шектүү А.К. 27-сентябрда жашы жете элек М.Аны күч колдонуп зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн жана анын жансыз денесин Чүй облусунун Кемин районунун аймагына таштап кеткенин мойнуна алган.
Факт Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү А.К. 2025-жылдын 30-сентябрында Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Азыркы учурда ар тараптуу жана толук кандуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат жана тийиштүү экспертизалар дайындалды.



