Коом
Бишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында 2025-жылдын 30-октябрына чейин суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Жукеев–Пудовкин көчөсүндө транспорт кыймылы убактылуу чектелет. Ушуга байланыштуу №1, №243 жана №226 автобустардын маршруту өзгөртүлдү. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.
Оңдоо иштери жүрүп жаткан убакта аталган автобустар Сүйөркулов жана Жукеев–Пудовкин көчөлөрү аркылуу каттайт. Иштер аяктагандан кийин автобустар мурдагы каттамдары боюнча жүрө башташат.
Урматтуу шаар тургундары, жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранабыз.






