Коом
Кыргызстан «Печора 2БМ» зениттик-ракеталык комплексин сатып алууда

Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун айтымында, аталган министрлик былтыртан бери «Белтехэкспорт» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.
«Быйыл эле мен Минскиде болуп, Печора-2БМ зениттик-ракеталык комплексин көрдүм. Бул мурдагы S-125 комплексинин азыркы технологиялар менен жаңыланган жаңы система. Радар, аныктоо системасы ж.б. баары бар. Бул комлекс жакында Кыргызстанга алын келинет жана Баткенге жөнөтүлөт», — деди министр.



