Жалал-Абад облусунда мас абалында унаа башкарган 18 айдоочу аныкталды

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү тарабынан облусунун аймагында оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле үйлөнүү тойлорунда коштоп жүргөн автоунаалар тарабынан жасалган бузууларды аныктоо боюнча үстүбүздөгү жылдын 11-12 август күндөрү «Крутой» аталыштагы рейдтик иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чарада ЖКККБнүн аппарат кызматкерлери, ошондой эле район-шаардык ЖККК бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери, атайын мобилдик күзөт багыттарында жумуш алып барышып, жыйынтыгында жалпы 442 ар кандай жол эрежелерин бузган фактылар аныкталды. Анын ичинен мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 18 айдоочунун, унааларынын алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн 7 айдоочунун, ал эми буга чейин социалдык тармактарга чыгып кеткен тасмалары аркылуу үлпөт тойлорун коштоп жүрүүдө жол эрежелерин одоно бузган 11 айдоочунун автоунаалары кармалып, атайын айып короого коюлду. Мыйзамсыз түрдө орнотулган катуу үн чыгаруучу, атайын жарык берүүчү жабдыктары алынып, айып пул салынуу менен бирге айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


