Коом

Нурланбек Тургунбек уулу балдардын жасалма интеллект аркылуу тапшырма аткаргандыгына тынчсызданды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Элдик курултайдагы сөзүндө билим берүү тармагында жасалма интеллекттин терс таасири маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, мурда кыргызстандыктар жашоосунда жасалма нерселердин, анын ичинде азык-түлүктөрдүн көбөйүшүнө тынчсызданышса, бүгүн башка коркунуч пайда болду — бул жасалма интеллект.

«Өзүңөр көрүп тургандай, жасалма интеллект жашообузга тездик менен жана күтүүсүз кирип келди. Анын терс таасирине кабылып калбоо үчүн биз эң жаңы технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүшүбүз керек. Биз ийгиликтүү мамлекет куруу үчүн билим берүүнү артыкчылыктуу багыт катары аныктаганбыз. Бирок, тилекке каршы, жасалма интеллект бул тармакка да таасирин тийгизе баштады. Бүгүн мектеп окуучуларынан тартып жогорку окуу жайлардын студенттерине чейин эң жөнөкөй эле дилбаяндар менен тапшырмаларды жасалма интеллекттин жардамы менен аткарып жатышат. Болгону суроо берип койсоң, ИИ даяр жыйынтыкты чыгарып берет. Бирок бул — жалган, бош билим. Натыйжада билим берүүнүн мааниси жоголуп жатат. Эгер балдар чыгармаларды ИИ аркылуу окуп, дилбаяндарды жазып, тапшырмаларды колдонмолор менен аткарып жатышса, анда кайсы билим берүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн?» — деди төрага.

Анын белгилешинче, Кыргызстанда жасалма интеллекттин зыянын азайтууга багытталган мыйзамдарды кабыл алуу зарыл.

«Коом ойгонуп, алдын ала зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алышы керек. Бүгүнкү күндө эле жасалма интеллект акындардын чыгармаларын аткарып, адамдарга анын чыныгыбы же жасалмабы экенин ажыратуу кыйын болуп калды. Мындан тышкары, ИИ көзү өткөн адамдардын сүрөттөрүн “тирилтип” жатат. Бул — олуттуу коркунуч. Ошондуктан биз туура жана өз убагында чечимдерди кабыл алышыбыз керек», — деп жыйынтыктады ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button