Саясат
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жолугушуусу болду

Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу маалымат министрлер кабинетинин расмий сайтына жайгаштырылган.
Билдирүүдө айтылгандай аталган сүлөйшүүлөр буга чейин жетишилген макулдашууларга ылайык, 2022-жылдын 10-15-февралында Баткен облусунун Баткен шаарында өткөрүлөөрү макулдашылган.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар калган тилкелердеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын өтүүсү маселеси тууралуу пикир алышып, талкууну Тажикстан Республикасынын аймагында өтүүчү келерки жолугушууда улантууну чечишти.
Белгилей кетсек сүйөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн.



