Коом

Мамлекеттик «Кыргыз Туусу» басма үйү түзүлдү

Кыргызстанда «Кыргыз Туусу» мамлекеттик басмаканасы түзүлдү. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат
Тагаев билдиргендей, мурда өз-өзүнчө иш алып барган «Кыргыз Туусу» жана «Слово
Кыргызстана» гезиттери, ошондой эле «Байчечекей», «Кырчын», «Жеткинчек»
журналдары бар эле.

Эми «Кырчын» жана «Жеткинчек» журналдары жоюлду. «Кыргыз
туусу» басма үйү түзүлдү. Бул басма үйүнө «Кыргыз туусу» гезити, «Слово
Кыргызстана» гезити, жаңы түзүлгөн «Ала-Тоо» адабий журналы, «Байчечекей»
балдар журналы киргизилди. Басма үйү мамлекеттик камсыздоого өткөрүлдү.

Буга чейин бул гезиттер өз айлыгын өздөрү таап келген. Эми алардын кызматкерлеринин
эмгек акысы толугу менен мамлекет тарабынан төлөнөт жана атайын эсебине түшкөн
каражаттан калем акылар кошумча төлөнүп турат.

Жаңы мекеме үчүн 22 штат берилет

Тектеш кабарлар

Back to top button