Коом
Баткенде 35 метр бийиктиктеги флагшток орнотулду

Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун көтөрүү боюнча салтанаттуу азем өттү. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, 35 метр бийиктиктеги флагштокко мамлекеттик туу аскердик оркестрдин коштоосунда көтөрүлдү.
Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн облус башчысы мамлекеттик тууну көтөрүү өлкөнүн көз карандысыздыгынын жана келечекке болгон ишенимдин символу экенин белгиледи. Анын айтымында, бул белги ар бир жаранды мекенди сүйүүгө жана анын өнүгүшү үчүн жоопкерчилик алууга чакырат.



