Коом

Минкаб этил спиртине жана алкоголдук ичимдиктерге көзөмөлдү күчөтөт

Министрлер кабинети этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салган колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ «Этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик монополия жөнүндө жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын нормаларын ишке ашыруу максатында даярдалган.

Долбоор этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүүдө колдонгон компанияларга коюлуучу талаптарды олуттуу түрдө күчөтүүнү сунуштайт.

Атайын керектөөчүлөрдүн тизмесине кирүү үчүн ишкерлер толук технологиялык документтер пакетин тапшырууга тийиш: өндүрүш регламенттери, спирттин үлүшү көрсөтүлгөн рецептуралар, керектүү жабдуулардын бар экенин жана жайлардын санитардык нормаларга шайкештигин тастыктаган документтер. Мындан тышкары, өндүрүштүк кубаттуулуктарды текшерүү актысы да милдеттүү болот.

Ошондой эле көзөмөл тартиби такталууда: ыйгарым укуктуу орган этил спиртин максатсыз пайдалануу фактыларын каттоого укук алат. Долбоордо колдонулуп жаткан жоболордун тиркемелерин жаңыртуу жана Мамлекеттик салык кызматына ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү нормаларын тактоо каралган. Анын ичинде технологиялык нускоолорду баалоо жол-жоболорун жана спирттин табигый жоготууларынын ченемдерин бекитүү маселелери камтылган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button