Коом

Орусиядагы кыргызстандыктарга 1 миллион рубль айлык өндүрүлүп берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү мекендештерге эмгек акы боюнча карызды өндүрүп берүүгө жетишти.

Жамааттык кайрылуу Кыргыз Республикасынын 66 жаранынан түшкөн.
Эмгек мигранттары иш берүүчү — ПСО «Газспецстрой» ЖЧКсы тарабынан эмгек акы төлөнбөй жатканын билдиришкен.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери компаниянын жетекчилиги менен тиешелүү укуктук жана уюштуруучулук иштерди жүргүзүштү. Натыйжада ишкана кызматкерлердин алдында каржылык милдеттенмелерин тааныды.

Кыргызстандын жарандарына эмгек акы толук көлөмдө төлөнүп берилди. Жалпы төлөмдүн суммасы 1 миллион рублди түздү.

Ведомство Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытындагы ишин улантып, эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөк көрсөтүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button