Коом
Марттын аягынан тарта Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу аба каттамы ачылат

Бүгүн Гуанчжоу шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун жана China Southern Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Маалыматты ТИМден билдиришти.
Ведомстводон кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча түз туруктуу аба каттамын ишке киргизүү маселелери, ошондой эле Бишкек – Гуанчжоу – Санья (Кытайдын Хайнань провинциясы) багыты боюнча каттамды ачуу маселеси талкууланды.
Кытай тарап маалымдагандай, Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча каттамды 2026-жылдын 29-мартында ишке киргизүү пландаштырылууда. Каттамдар жумасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылары күтүлүүдө.
Авиабилеттерди сатуу бүгүн, 11-февралдан тартып башталды.



