Коом

Кыргызстанда алты түзөтүү абактары жоюлууда

Министрлер кабинети Кыргызстанда алты түзөтүү абагын жоюу боюнча токтом кабыл алды. Аталган документ «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, төмөнкү түзөтүү абактары жоюлду:

№26 түзөтүү мекемеси. Дареги: Чүй облусу, Ысык-Ата району, Молдовановка айылы;

№42 түзөтүү мекемеси. Дареги: Ош шаары;

№43 түзөтүү мекемеси. Дареги: Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары;

№44 түзөтүү мекемеси. Дареги: Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары;

№45 түзөтүү мекемеси. Дареги: Чүй облусу, Москва району, Беловодское айылы;

№52 түзөтүү мекемеси. Дареги: Жалал-Абад облусу, Токтогул шаары.

Тектеш кабарлар

Back to top button