2025-жылы Солтон-Сары кенинин Бучук тилкесинен 876,3 кг алтын казып алынды

Кытай-кыргыз биргелешкен Zhong Ji Mining ЖЧКсы 2025-жылы Кыргызстандагы Солтон-Сары кенинин Бучук тилкесинен 876,3 кг алтын казып алган. Бул тууралуу Нарын районунун администрациясынын маалыматында айтылат.
Компания кен байытуучу фабриканы (ЗИФ) 2024-жылдын октябрь айында сыноо режиминде ишке киргизген. Фабрика жылына 600 миң тонна кен иштетип, болжол менен 1,8 тонна алтын өндүрүүгө эсептелген. Долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 12 млрд сомго бааланууда.
Солтон-Сары алтын кен жайы Нарын облусунда, Бишкек шаарынан 355 чакырым алыстыкта, Капка-Таш кырка тоосунун түндүк капталында жайгашкан. Кен үч тилкеден турат: Бучук, Ак-Таш жана Алтын-Төр. Алтын-Төр тилкесин «Кыргызалтын» ААК иштетет.
Кен жайындагы алтындын жалпы болжолдуу запасы 20 тоннанын тегерегинде, анын ичинде Бучук тилкесинде болжол менен 12 тонна алтын бар.
Zhong Ji Mining компаниясы Бучук тилкесинде иш жүргүзүү укугун 2009-жылы сатып алган. 2011-жылдан тартып жергиликтүү тургундар кенди иштетүүгө каршы чыгып келишкен. Алардын пикиринде, бул экологияга зыян келтирип, мөңгүлөрдүн эришине алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу компания 2019-жылы курулуш иштерин токтоткон. Кийинчерээк иштер кайра жандандырылган.



