Коом
Оштогу «Келечек» базары ишке кирүү алдында

Ош шаарындагы жаңы курулуп жаткан “Келечек” базарынын аймагына асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, базардын Б. Осмонов көчөсү тарабындагы унаа токтоочу жайга асфальт төшөө иштери 2 күндүн ичинде бүткөрүлөт.
Базар жалпы 9 гектар аянтты ээлейт. 2025-жылдын 25-августунда башталган курулуштун бүгүнкү күндө кийим-кече сатуу үчүн 1300 соода орду даяр. Мөмө-жемиш базарында 200 соода орду курулуп бүттү.
Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев базардын курулушунун жүрүшү менен жеринен таанышкан. Калаа башчысы соодагерлердин сунуш-талаптарын угуп, базарды көчүрүү иштери белгиленген мөөнөттө жана так тартипте ишке ашарын белгилеген.



