УКМК: Сокулук районундагы 400 гектар жерди мамлекетке кайтарылды

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 400 га айыл чарба жерлерин мамлекеттик баланска кайтарды.

Аталган жерлер 2000-жылдардын башында Жаңы-Пахтин айыл өкмөтүнүн администрациясына «системалуу каттоо» учурунда үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилгени аныкталган. Бирок алар документтештирилбей, жергиликтүү тургундарга бөлүштүрүлбөй, юридикалык жактан ээсиз калган. Ошого карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү тургундарга узак мөөнөткө ижарага берип келген.

УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада аталган жер тилкелери Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахтин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

Учурда УКМК тарабынан кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



