Коом

Ош шаарында «Кайырчы» аттуу рейд өттү

Ош шаарында «Кайырчы» аттуу рейд уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддер жол боюнда тилемчилик кылып, унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткан жарандарга жана жарамазан айтып, коомдук тамактануучу жайларды кыдырып акча сураган өспүрүмдөргө каршы жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери рейд учурунда жарандар жана жашы жете электер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоо боюнча эскертүү беришүүдө.

Учурда рейддик иш-чаралар улантылып жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button