Кыргызстанда “Мектеп 21” санариптик технологиялар мектеби иштей баштайт

Жаңы окуу жылында Кыргызстанда “Мектеп 21” санариптик технологиялар мектеби иштей баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, долбоордун франшизасы Россиянын “Сбербанкынан” сатып алынган. Окуу жай Бишкектин Шаардык МАИ аймагында жайгашып, ал үчүн кесиптик лицейлердин пайдаланылбай турган эки имараты берилген.
“Июндун экинчи жарымынан тарта кабыл алуу башталат. Анда 18 жаштан өйдө курактагы бардык каалоочулар акысыз окуй алышат. Окуу процесси технологияларга жана материалды өз алдынча өздөштүрүүгө негизделип, мугалимдерсиз жүргүзүлөт. Концепциянын негизги максаты — бүтүрүүчүлөрдү жүз пайыз жумуш менен камсыз кылуу”, — деди Кендирбаева.
Министр белгилегендей, “Мектеп 21” санариптик технологиялар жана программалоо боюнча адистерди даярдоодо дүйнөдөгү алдыңкы билим берүү борборлорунун бири болуп саналат.



