Коом
Таласта 23 жаштагы кыз жылгаяк тээп жатып көз жумду

Таласта жылгаяк тебүү 23 жаштагы кыздын өлүмү менен аяктады.
Маалыматка караганда, үчөө дөңдөн ылдый жылгаяк тээп келе жатышып, токтоп турган унаага урунган. 1999-жылы туулган кыз алган жаракатынан каза болгон, ал эми жанындагы экөө ооруканага жеткирилген.



