Коом
Апрелден тарта медиктер канча айлык алат? Тизме

Саламаттык сактоо министрлиги 1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы эки эсе көтөрүлөрүн эске салып, кайсы медик канча акча ала баштаарын тактады.
Колго ала турган сумма төмөнкүдөй:
-окуу жайды жаңы бүткөн дарыгерлер — 33 683 сом (азыр 15 миң сомдун тегерегинде);
-жогорку категориядагы врачтар — 44 988 сом (22 271 сом);
-I категориядагы врачтар — 41 219 сом (19 332 сом);
-II категориядагы врачтар — 39 683 сом (17 739 сом);
-жогорку категориядагы медайымдар — 36 134 сом (15 490 сом);
-орточо стаждагы медайымдар — 25 668 сом (11 490);
-медайымдар — 27 488 сом (9 575 сом);
-кенже медкызматкерлер — 19 284 сом (9 152 сом).



