Коом

Токмок шаарындагы ири өрт толугу менен өчүрүлдү

Токмок шаарына жанаша жайгашкан мамлекеттик “Заказник” жаратылыш аймагында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Маалымат боюнча, өрт 27-ноябрга караган түнү саат 00:41де толук өчүрүлгөн. Анын кесепетинен жабыркагандар жок.

Жеринде кайрадан өрт чыгып кетүүсүнө жол бербөө максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Чүй райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнөн 6 куткаруучу, 1 көчмө насостук станция жана АР-2 техникасы менен нөөмөткө калып, көзөмөл жүргүзүүдө.

Белгилей өтсөк, кечээ, 26-ноябрда Токмок шаарында ачык аянтта куураган чөп жана бадалдардан өрт чыкканы маалымдалган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button