Коом
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери шаар аймагын тазалоого жана көрктөндүрүүгө багытталган ишембиликке катышты.

Иш-чаранын алкагында көчөлөрдү, короолорду жана коомдук жайларды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Кызматкерлер айлана-чөйрөнү жакшыртууга жана санитардык абалды жогорулатууга өз салымын кошушту.

Мындай иш-чаралар шаарды таза кармоого, анын көркүн жакшыртууга, ошондой эле калктын экологиялык маданиятын жогорулатууга багытталган.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамааты коомдук демилгелерге туруктуу негизде катышып келет жана айлана-чөйрөнү коргоо, шаарды көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды мындан ары да колдойт.



