Чыңгыз Айдарбеков БШКга мандат берүү тууралуу арыз тапшырды

Бүгүн, 13-апрелде Чыңгыз Айдарбеков Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) депутаттык мандатты берүү тууралуу арыз тапшырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бир айдан ашык убакыт өтсө да, БШК кечигүүнүн себептери боюнча бир да жооп берген эмес.
«2026-жылдын 10-мартынан бери мен ЖК КРнын 8-чакырылышына расмий талапкер болуп эсептелем. Шайлоодо менин талапкерлигим үчүн 6 миң 259 шайлоочу добуш берген. Бул мага көрсөтүлгөн ишенимдин деңгээлин тастыктайт», — деди Чыңгыз Айдарбеков.
Ал арызында өлкөнүн мыйзамдарынын бир катар бузулуштарын белгилеп, өзүнө мандат берилиши керектигин талап кылууда.
Буга чейин №21 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбеков Президент Садыр Жапаровго БШКнын аракеттерине байланыштуу даттануу менен кайрылган. Ал бул маселеге кийлигишип, көзөмөлгө алып, шайлоочулардын укуктарын калыбына келтирүүнү жана процедуранын мыйзамдуулугун камсыздоону суранган.
Эске салсак, Бишкек шаарындагы Ленин бир мандаттуу №21 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты Куванычбек Конгантиев ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыргандан кийин бош бойдон калууда. Анын ордуна Чыңгыз Айдарбеков келет деп күтүлгөн, бирок процесс созулуп кеткен.
Чыңгыз Айдарбеков буга чейин тышкы иштер министри кызматын аркалап, Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышында депутат болгон. Парламенттик шайлоодо ал 6 миң 259 добуш алган.



