Камчыбек Ташиев алты баланын энесине 3 бөлмөлүү батир белекке берди

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 2025-жылдын 27-декабрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Каракол шаарынын 51 жаштагы тургуну, 6 баланын энеси Эльза Тюрегелдиевага 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.



Э.Тюрегелдиева 6 баланы жалгыз өзү тарбиялап келет. Деген менен өзүнө таандык турак жайы жок, балдары менен батирлеп жашап жүргөн. Андыктан, УКМК Төрагасы К.Ташиевге 2025-жылдын декабрь айынын башында кат жолдоп, көмөк көрсөтүүнү суранган.


Жыйынтыгында кыска аралыкта жооп болуп, генерал-полковник Тюрегелдиевага 3 бөлмөлүү бардык шарттары жана тиричилик эмеректери бар батирдин ачкычын жана документтерин, ошондой эле балдарына чакан белектерди тапшырды. Ошондой эле төрага, эне жана балдарына чың ден-соолук, бакубат жашоо, жаркын келечек каалады.




Өз кезегинде 6 баланын энеси, К.Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, өз кол өнөрчүлүгү менен жасаган белектерин берди.



