Коом
Кар бороон, катуу шамал. Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизди.
Мекеменин маалыматына ылайык, саат 8:00дөн тарта аба ырайынын начарлашына — кар бороон, катуу шамал жана көрүнүштүн начарлашына байланыштуу оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы токтотулду.
Жеңил унаалар үчүн жол ачык бойдон калууда, бирок Бишкек — өлкөнүн түштүк аймактарына кеткен трассада абал татаал.
Жол кызматтары тынымсыз түрдө жолду кардан тазалап, тайгалактыкты азайтуу үчүн кум-туз аралашмасын себип жатышат.
Айдоочуларга аба ырайын эске алып, сапарларын алдын ала пландап, Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо сунушталат.



