Коом

Министрлик Аксы районунда 4 жаштагы балага байланыштуу маалымат берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Аксы районунда 4 жаштагы балага байланыштуу социалдык тармактарда тараган окуя боюнча текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди. Учурда баланын абалы туруктуу экени маалымдалды.

Ведомствонун маалыматына караганда, текшерүү учурунда баланын жашоо шарттары, үй-бүлөлүк абалы жана ден соолугунун абалы изилденген. Жыйынтыгында ата-энесинин экөө тең ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар экени, үй-бүлөлөр кошуна жашары жана балдарды кароодо чоң эне жардам берип келери аныкталган.

Алдын ала маалымат боюнча, бала алган жаракаттар чоң агасы менен болгон жаңжалдын жүрүшүндө келип чыккан — балдар телефон талашып, агасы аны урган.

Ошондой эле чоң эне менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгени айтылды.

Учурда балдарды коргоо жана үй-бүлөгө колдоо бөлүмүнүн адистери ишти улантууда.

Жалал-Абад облустук ИИБ бул факт катталганын жана тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Аксый районунда 4 жаштагы баланын бетинде көгала тактар жана шишиктер бар сүрөтү таралып, аны чоң энеси сабаганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Тектеш кабарлар

Back to top button