Садыр Жапаров ЖККУ Башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-апрелде, Жамааттык кызматташтык жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды.
Өлкөлөрдүн жамааттык коопсуздугун бекемдөө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, ошондой эле Уюмга мүчө-мамлекеттердин биргелешкен чараларынын натыйжалуулугун арттыруу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын өкүлүнүн Уюмдун Башкы катчысы кызматына дайындалышы маанилүү окуя экенин баса белгилеп, Таалатбек Масадыковго Уюмдун кадыр-баркын чыңдоого жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган миссияны ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.
Президент 2025-жылы төрагалык кылган мезгилде Кыргызстан мамлекеттер аралык саясий диалогду чыңдоого, биргелешкен механизмдердин натыйжалуулугун жогорулатууга жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурганын айтты.
“Мисал катары Кыргызстан тарабынан демилгеленген киберкоопсуздук боюнча биринчи эл аралык конференцияны белгилөөгө болот. Ал жогорку деңгээлде жана натыйжалуу өткөрүлдү”, — деди Садыр Жапаров жана учурда Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жатканына токтолду.
Ал ЖККУ менен ШКУнун кызматташуусу Евразия мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылууга жана туруктуу өнүгүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишеним билдирди.
Ошондой эле Мамлекет башчысы Уюмдун Башкы катчысын үстүбүздөгү жылы күзүндө өткөрүү мерчемделген ШКУ Саммитине катышууга чакырды.
Өз кезегинде Таалатбек Масадыков Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аймактык коопсуздукту чыңдоо үчүн бул диалогдун маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолду.
Ал Президентке 2025-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тапшырмаларын аткаруу үчүн бардык күч-аракеттер жумшалаарын баса белгиледи.



