Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев айыпталгандардын дооматына жооп берди

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев айыпталгандардын дооматына жооп берди.
Президент Садыр Жапаров “мен соттун ишине кийлигишпейм”, — деп көп эле айтып жүрөт. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо, Башкы прокуратурага кайрылуу керек. Анан өздөрү дагы кичине тартипти сактап, сотко катышууларын жакшыртышса. Сотту улам жылдырып, чоё бербеши керек”, — деди Абыкеев.
Абыкеев мурдагы коммертарийлеринде «кемпирабадчылардын» «саясий куугунтукка кабылдык» деп айткандарын четке каккан жана муну катардагы эле иш деп сыпаттаган.
“Анкени, жарымы бизге келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат дешип элди адаштырып, төңкөрүш жасаганга аракет кылышкан. Мына азыр өзбек менен кыргыз теңме-тең башкарып олтурбайбызбы. Мындан ары 50 пайызы биздики”, — деди Чолпонбек Абыкеев.



