Бишкектин аймагы үч эсеге кеңейип, бюджет 34 млрд сомго жетти

Бишкек шаарынын аймагы жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында дээрлик үч эсеге кеңейтилди. Бул тууралуу Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, шаардык бюджет 24 млрд сомдон 34 млрд сомго чейин өскөн. Ошол эле учурда шаарга кошулган айыл өкмөттөрдүн жалпы бюджети 890 млн сомду түзгөн.
“Аймактын кеңейиши бюджет автоматтык түрдө өсөт дегенди билдирбейт. Бирок жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында бюджетти көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошол эле учурда көйгөйлөр да, иштин көлөмү да көбөйдү. Анын ичинде тыгын маселеси бар. Мурда бир үй-бүлөдө бир эле унаа болсо, азыр ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн унаасы бар. Расмий катталган унаалар 500 миң болсо, күн сайын аймактардан шаарга кирген унаалардын саны 700 миңге чейин жетет. Бул статистикалык маалымат”,-деп белгиледи ал.
Ошону менен катар мэр борбор калаанын негизги көйгөйлөрү жер астында катылганын — жолдор жана жашылдандыруу гана эмес, жер астындагы инженердик тармактар приоритеттүү бойдон калууда деп билдирди.
Анын айтымында, тургундардын көбү унаа тыгындарына жана жашылдандырууга көңүл бурушат, бирок эң орчундуу маселелер инфраструктуранын начарлашы — канализация, суу жана жылуулук системалары.
«Силер көрө албаган нерселер бар. Бирок алар ишке ашпай калса, бул биринчи маселе болуп калат», — деп баса белгиледи мэр.



