Садыр Жапаров уулу Нурдөөлөт тууралуу суроолорго жооп берди

Президент Садыр Жапаров Kaktus.media басылмасына берген маегинде уулу Нурдөөлөт криптомиллиардер Джастин Сан менен Ала-Арча сапарындагы катышуусу жана туугандарынын мамлекеттик иштерге аралашуусу тууралуу суроолорго жооп берди.
Мамлекет башчысынын айтымында, уулу Нурдөөлөт жолугушууларга катышуусу жеке жана практикалык себептер менен түшүндүрүлөт. Ал мамлекеттик кызматтагы жыш графигинен улам балдары менен сейрек көрүшөрүн белгилеп, кээде уулу аны коштоп жүрөрүн айтты.
«Ал англис тилин жакшы билгендиктен, котормочу катары да жардам берет. Бирок ал мамлекеттик иштерге катышпайт жана мамлекеттик мекемелер менен бизнес жүргүзбөйт», — деди президент.
Садыр Жапаров бийликке келгенден бери үй-бүлөсү үчүн катуу эрежелерди киргизгенин белгиледи: «мурунку президенттердин каталарын кайталабоо». Анын айтымында, балдары да, бир туугандары да мамлекеттик кызматтарга жолотулбайт. Туугандары жеке бизнес жана инвесторлорду тартуу менен алектенишет, бирок мамлекеттик түзүмдөрдү жеке кызыкчылыгы үчүн колдонушпайт.
Ошондой эле ал бир тууганы Сабыр Жапаровго карата айтылган айыптоолорго да жооп берди. Социалдык тармактарда анын алтын куймалары менен түшкөн сүрөттөрү тараган. Президент бул айыптоолорду «1000 пайыз жалган» деп атады.
Анын айтымында, бир тууганынын жалгыз жаңылыштыгы — Турцияга барып, алтын иштетүүчү заводду көрүп, колуна алтын кармап сүрөткө түшкөнү болгон. Сүрөттөр анын айланасындагы адамдар тарабынан телефонго тартылып, кийин «сатылып кеткен».
Президент белгилегендей, эгер анын бир тууганы мыйзамсыз алтын чыгарып жүрсө, мындай ачык сүрөткө түшмөк эмес. Мындан тышкары, Кумтөр кенинде 2021-жылдан бери толук онлайн видеокөзөмөл системасы киргизилген, бул уурулукка жол бербейт.



