ИИМ: Польша менен Кыргызстандын ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды

Бүгүн, 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Польша Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуунун долбоорунун сүйлөшүүлөрүнүн Польша тараптын катышуучу-өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга Польша Республикасынын Чек ара кызматынын Башкы комендатурасынын укуктук бюросунун директору полковник Марцин Власновольский жетектеген, Польша Республикасынын Өкмөтүнүн долбоорунун жооптуу адамдарынан турган делегация келди.
Делегацияны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев ИИМдин жооптуу кызматкерлери менен биргеликте тосуп алды.
Жолугушууда сөз сүйлөгөн ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Польша Республикасынын Өкмөтүнө жана Чек ара кызматына реадмиссия жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундун уюштургандыгы жана өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле миграция тармагында натыйжалуу кызматташуу зарылдыгын белгиледи.
Польша Республикасынын делегациясынын башчысы Марцин Власновольский жолугушууга канааттангандыгын билдирип, долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты жогору баалады.
Жолугушууга катышкандар мыйзамсыз миграция тармагында кызматташуунун келечеги тууралуу ой бөлүштү.



